Неванлинна сыйлыгы

Википедия дан

Ролф Неванлинна сыйлыгы (Ролф Неванлиннанын урматына аталган) - компүтер таануу тармагындагы математикалык аспектилерге эң мыкты салым кошкон математиктерге төрт жылда бир жолу Эл аралык Математиктердин Конгрессинде ыйгарылып туруучу сыйлык. Анын ичинде :

  1. Ага эсептөө таталдуулук теориясы, тилдерди программалоо логикасы, алгоритм анализи, криптография, компүтердик көрүү, системаны таануу, маалыматты иштетүү жана маалыматты моделдөө сыяктуу компүтер таануудагы математикалык аспектилер кирет.
  2. Илимий эсептөө жана сандык анализ. Оптимизация жана контролдоо теориясынын эсептөө аспектилери. Компүтердик алгебра.

Сыйлык 1981-жылы Эл аралык Метематика Уюмунун Башкы Комитети ЭМУ тарабынан негизделген жана сыйлыктын аталышы бир жыл мурун каза болгон Ролф Неванлинна аттуу финляндиялык математиктин урматына арналып аталган. Сыйлык алтын сыйлыктан жана накталай акча сыйлыгынан турат. Бул наам жаш математиктерге багытталгандыктан, 1-январга чейин 40 жаштан ашпаган гана талапкерлер катыша алышат.

Медалда Неванлиннанын сүрөтү жана "Ролф Неванлинна Сыйлыгы" деген жазуу жана анын арка тарабында "РХ83" деген белгилер бар. "РХ" - медалды жасаган Реймо Хейнонун атын жана "83"- медалдын алгачкы жасалган жылын билдирет Медалдын экинчи тарабында Хелсинки Университетине байланыштуу сыйлыктын спонсорунун эки сөлөкөтү тартылган. Ал эми капталдарында жеңүүчүнүн аты жазылат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]