Невропатология

Википедия дан

Невропатология — медицинанын нерв системасынын ооруларынын өөрчүү себептерин изилдеп, аларды диагноздоо, дарылоо жана алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу тармагы. Бул оорулардын хирургиялык жол менен дарылоо методдору — нейрохирургия; психикалык ооруларды психиатрия изилдейт. Невропатологиянын терапиялык негизин нерв системасынын түзүлүшүн, функциясын изилдөөчү неврология түзөт. Азыркы невропатологиянын максаты — мээ менен жүлүндөгү кан айлануу системасынын начарлашынын негизги себептерин терең изилдөө, алдын ала чара көрүү.
Невропатолог — нерв системасынын ооруларына диагноз коюу, аны дарылоо, алдын алуу боюнча атайын даярдалган адис-врач.

Белгилүү невропатологдор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8