Негизги фонддордун активдүү бөлүгү

Википедия дан

Негизги фонддордун активдүү бөлүгү - өндүрүштүк негизги фондулардын бөлүгү.

Ушулардын жардамы менен өндүрүш процессинде эмгек предметтерине түздөн-түз (активдүү) таасир тийгизип, алардын колдонулушун ишке ашыруу функциясын аткарат. Өндүрүштүк фондунун негизги бөлүгүн жумушчу машиналары жана курал шаймандар, жабдуулар, транспорттук каражаттар, аспаптар ж.б. түзөт.

Өнөр жайдын кээ бир тармактарында (мунай, таш көмүр, токой) курулуштарда дагы активдүү роль аткарат. Негизги фондулардын активдүү бөлүгүнүн өздүк салмагы алардын жалпы наркын да негизги фондулардын структурасынын прогрессивдүүлүгүн аныктайт. Ал техникалык, энергетикалык жактан жогорку деңгээлде камсыз болгон өндүрүш процесстерди бир кыйла механикалаштырган жана автоматташтырылган ишканаларда өтө маанилүү болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9