Нежип Асым Языксыз

Википедия дан

Түркчүлүк кыймылынын Түркиядагы белгилүү жол баштоочуларынан болгон Нежип Асым 1861-жылдын 29-декабрында Килис шаарында жарык дүйнөгө келген. Нежип Асым тогуз жылдык мектепти Килисте аяктаган. 1875-жылы Дамаскта, андан кийин Стамбулда окуусун уланткан. 1879-1881-жылдары Аскердик окуу жайда окуган. Окуусун аяктагандан кийин Аскер академиясында француз тилинен сабак берген. Нежип Асым Түркиянын алгачкы президенти Мустафа Кемалдын академиядагы мугалимдеринин бири болуп саналат.

Нежип Асымдын жазган макалалары 1878-жылдан тартып газеталарда чыга баштаган. Нежип 74 жылдык өмүрүндө кыркка жакын китеп, миңдей макала жазганга жетишкен. Нежип Асым Түркияда «Түрк Ожагы» коомунун пайдубалынын түптөлүшүнө да салым кошкон. Стамбул университетинин Түркология бөлүмүн курган. Несип Асым азыркы түрк тилинен калыптанышына зор салым кошкон.

Нежип Асымдын бир башка эмгеги, Караханиддер доорунда түркчө жазылган «Атабетүл-хакайык» башкача айтканда «Акыйкаттардын эшиги» аттуу эмгеги болуп эсептелет. Асым бул эмгектин түп нускасын София музейинин китепканасынан табып чыгып транскрипциялап илим дүйнөсүнө тааныткан. Асым француз тилинен башка арапча, уйгурча жана чагатайча жакшы билген.

Несип Асым 1927-жылы Эрзурумдан эл өкүлү шайланып өлгөнгө чейин Түркиянын жогорку парламентинде кызмат кылган. Ал 1935-жылдын 13-декабрында каза болуп сөөгү Стамбулда жерге берилген.

Нежип Асым Түркияда алгачкылардан болуп «кыргыз» терминин этимологиясы боюнча макала жазган илимпоз болуп саналат. Анын оюнча «кыргыз» термини «кыр» менен «гуз, гыз» мүчөсүнөн турат. Асым бул макаласында «кыргызчылык», казактардын кыргыздардан бөлүнүшү же айырмачылыгы тууралуу кызыктуу пикирлерин билдирген[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. ASIM, Necib, “Kırgız Kelimesinin İştikakına Dair”, Türkiyat Mecmuası, c. II, 1928, s. 387-389. http://www.journals.istanbul.edu.tr/iuturkiyat/article/view/1023001011