Нежм шаары
Көрүнүш
Нежм шаары – орто кылымдарга таандык шаар. Истахринин эмгегинде («Китаб масалик ал-мамалик») Н. Касан шаарына жакын жерде жайгашкан. Ибн Хаукалда («Китаб-ал-масалик вал-мамалик») Кербенден кийин Н. шаарын атап, анын айланасында айыл-кыштактар болгонун белгилеген. В. В. Бартольддун пикиринде Н. шаарынын калдыгы азыркы Нанай кышаарына жакын, А. Н. Бернштам боюнча Кербендин жанындагы урандылар болушу мүмкүн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7