Нейман, Станислав Костка
Көрүнүш
Нейман, Станислав Костка (5. 6. 1875, Прага — 28. 6. 1947, ошол эле жер) — чех акыны.
- Чехословакия эл художниги (1945). 1920-жылдан Чехословакия компартиясынын мүчөсү.
- Жумушчу кыймылына жакындашкан. 'Немезида жакшылык сактайт» (1895) жыйнагы ж. б. чыгармаларында субъективизм басымдуулук кылса да, бир топ социалдык маселелер көтөрүлөт. <Чех кайрыктары» (1910) ыр жыйнагында элдик поэзиянын салттарын улантат.
- «Жаңы ырлар» (1918), «Кызыл ырлар» (1923) ыр жыйнактарында элдин рев-ялык маанайы, «Апаат жыл» (1945), «Учу-кыйырсыз жылдар» (1946) ыр жыйнактарында немецтердин баскынчылыгына карты күрөш көрсөтүлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.