Нейро-гумордук жөнгө салуу

Википедия дан

Нейро-гумордук жөнгө салуу — организмдин ткань, орган жана системаларындагы физиологиялык процесстерди нерв система жана гумордук факторлордун (кан, лимфа ткань суюктугундагы биологиялык активдүү заттар, гормондор, медиаторлор жана башкалар) таасири менен башкаруу. Алар бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, организмдин ички чөйрөсүнүн туруктуулугун (гомеостазын) сактоодо жана тиричиликтин өзгөрүлүп турган шартына көндүрүүдө маанилүү роль ойнойт.

Функциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нерв системасы менен өтүүчү козголуунун ылдамдыгы организмдин кайсы болбосун бөлүктөрүнүн бири-бири менен катышуусун тезинен камсыз кылат. Бирок нерв козголуусу бат эле өчөт да, ал өз алдынча көп убакыт жөнгө салуу таасирин бере албайт. Аны нерв жана гумордук процесстер бири-бири менен байланышта болгондуктан гана камсыз кылат. Нерв импульсунун негизинде пайда болуучу медиаторлор сезгич нервдердин учуна таасир этип, рефлекс догосу аркылуу мээ менен жүлүнгө информация берип, натыйжада нерв импульсу борбордук нерв системасынан иштөөчү органдарга келет. Мээ менен жүлүндүн иштеши аларга келген сигналдарга жараша гана жүрбөстөн, ал зат алмашуу, нерв клетканын ткань суюктугунун химиялык, физикалык-химиялык жана биологиялык касиеттери менен байланыштуу. Мисалы, көмүр кычкыл газы дем алуу борборун дүүлүктүргөндө синапстарда медиаторлор (ацетилхолин, норадреналин жана башкалар) бөлүнүп чыгат. Алар канга өтүп, түрдүү функцияларды гумордук башкарууда катышат жана алар нейрошрмондор деп эсептелет. Биологиялык активдүү заттардын пайда болушу жана алардын таасири шарттуу рефлекстер аркылуу ишке ашат. Мээ кыртышында пайда болгон козголуу гипоталамустагы борборлорго өтөт. Анда нерв сигналдардын таасири менен норадреналин чыгып, ал ретикул формациясынын сезгич структураларына таасир этип, симпат нерв системасынын борбордук жана четки бөлүктөрүндө козголуу пайда болууга түрткү берет. Симпат нервдер менен келген импульсуар бөйрөк үстүндөгү бездердин мээ кыртышында адреналиндин чыгуусун күчөтөт. Бул кан менен гипоталамуска жетип, гипофизде адренокортикотроп гормону (АКТГ) синтезделет. АКТГнын канга чыгышы бөйрөк үстүндөгү бездердин кыртышында кортикостероид гормондорунун пайда болушуна негизги шарт болуп, гормон организмдеги көп нерв жана гумордук реакцияларын пайда кылып, организмдердин стресске ыңгайланышында активдүү катышат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8