Нейтронография
Нейтронография (нейтрон жана ...графил) — нейтрондордун чачыроосу б-ча суюктуктардын, кристаллдардын молекулаларынын түзүлүшүн изилдөө методу.
Нейтронография боюнча алгачкы ил. эмгектер Э. Фермиге таандык. Нейтронографиялык тажрыйба ядро реакторунан алынган нейтрондордун агымы же атайын буталуу электрондук ылдамдаткычтардын жардамы менен жүргүзүлөт.
Нейтронографиялык аппараттар (дифрактометр, түрдүү типтеги нейтрон спектрометр ж. б.) нейтрон агымынын жолуна реактордон көп алыс эмес аралыкта жайгаштырылат. Кубаттуу реакторлордон алынган нейтрондордун агымынын тыгыздыгы рентген түтүктөрүнөн алынган кванттардын тыгыздыгынан бир канча даражада аз болгондуктан Нейтронографиялык аппаратура жана Нейтронографиялык тажрыйбалар татаал болот. Атомдук реакторлор кецири диапазондогу энергиялуу жылуулук нейтрондорун берет. Алардын энергиясынын максимуму 0,06 эвге жакын. Бул энергияга туура келген де-бройл нейтрондорунун толкун узундугу кристаллдардагы, молекуладагы атомдордун ортосундагы аралык менен салыштырмалуу болгондуктан нейтрондун дифракцпясы пайда болот.
Ушул кубулушта структуралык Нейтронография негизделген. Нейтрондун серпилгичтүү эмес чачыроосу нейтрон спектроекопиясында колдонулат.
Дагы кара
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. "4 том" Фрунзе 1979