Некроз
Көрүнүш

Некроз (от греч. νεκρός — өлүк) — тирүү организмдин айрым бөлүгүнүн, ткань же клеткаларынын өлүшү (жансызданышы).
Себептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Некроздун пайда болушуна
Оорунун жүрүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Некроздо клетка жана клетка аралык заттарда мүнөздүү өзгөрүүлөр болот. Клетканын ядро жана цитоплазмасы бүрүшөт, клетка мембранасынын өткөргүчтүгү күчөп, осмос тең салмактуулугу өзгөрөт, гидролиз ферменттеринин активдүүлүгү жогорулап, клетка эрийт. Некрозго учураган ткань ажырап түшөт, ириңдеп, эрийт же туташтырма ткань өсөт. Некроз болгон органдын структуралык элементинин бузулушу жана уулануусуна жараша функциясы начарлайт (Гангрена).
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8