Немет Дьюла

Википедия дан

Немет Дьюла (2. 11. 1890, Карцаг ш., азыркы ЯсНадькун-Сольнок – 17. 12. 1976, Будапешт) – түрколог-лингвист, Венгрия ИАнын анык мүчөсү (1935), Болгария ИАнын (1948), Германия ИАнын (1955) корреспондентмүчөсү, Будапешт университетинин профессор (1906–64). Негизги эмгектеринде түрк филологиясын, венгрлердин байыркы тарыхын, ошол эле 9-кылымдын аягына чейинки уруулук абалын жана алардын этногенезиндеги түрктөрдүн ролун изилдеген. Ошондой эле түрк урууларынын пайда болушу, орхон рун жазуу эстеликтерин чечмелеп окуу жанагунндардын кайсы тилде сүйлөгөнүн изилдеген эмгектери бар. Н. түрк грамматикасынын автору. Кошут атындагысыйлыктынлауреаты (1948), Хельсинкидеги финн-угор коомунун (1931) корреспондент-мүчөсү, Лондон Королдук Азия коомунун мүчөсү (1956) болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]