Неолингвистика

Википедия дан

Неолингвистика – италян лингвистикасында 20-кылымдын 20-жылдары младограмматизмге оппозиция катары чыккан багыт. Итал. идеалист философ Б. Кроченин айтуусуна жана лингвистика географияга таянып, неолингвистика тилди «рухий, үзгүлтүксүз көркөм чыгармачылык» деп белгилеген. Неолингвистиканын младограмматиктер чыгарган фонетикалык закондорду этибар албай, фонетиканы өзүнчө изилдегенге каршы чыгып, тил семантикасын биринчи планга койгону ушундан чыккан. Тилдеги өзгөрүүлөрдү неолингвистика мода, бедел сыяктуулардын таасиринин натыйжасы катары түшүндүрүп, тил коллективдүү эмес, индивидуалдуу көрүнүш деп эсептеген; тил тарыхын коом тарыхына байланыштуу, тексттин жиктелишине карай изилдөөгө үндөгөн. Лингвистика география менен неолингвистиканын тилдин перифериялык (диалект, арго, бала тил жана башка) ашкере изилдөөлөрүнөн тилде чек жок деген тыянак чыгат. Ареалдык лингвистика методдорун да неолингвистика багыты иштеп чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]