Неологизмдер

Википедия дан

Неологизмдер (нео... жаны гр. logos – сөз) – коомдук турмуштагы ар кандай зарылчылыктан улам пайда болгон жаңы сөздөр. Алар жалпы тилдик жана автордук (жеке стилдик) деп бөлүнөт. Жалпы тилдик Н. жаңы чыккан затты же көрүнүштү атоо зарылчылыгына байланыштуу пайда болот (мисалы,мониторинг, инновация, cайт жана башка) да, тилде толук өздөштүрүлгөн соң неологизм болуудан калат. Автордук неологизм көбүнчө стилдик максатта чыгарылып, контексттен сырткары дээрлик колдонулбайт жанаанча кеңири тарала албайт. Неологизм тилде өнүмдүү моделдер боюнча же мурдатан бар үлгүгө салынып да жасалат: баттама – вклейка (бас+ма=басма, жаз+ма=жазма), тааным – познание (ал+ым=алым, бер+ым=берим); 2) көркөм адабиятта – Неологизмдер адабий тилди байытуучу, өркүндөтүүчү булактардан болуп эсептелет. Ошондуктан жазуучулар чыгармаларында неологизмдерди кеңири колдонушат. Неологизмдер сөздөр көркөм адабиятта каармандардын интеллектуалдык деңгээлин, кесибин, жекече мүнөзүн ачып берүү менен жазуучунун тил мадабиятын байытат. Неологизмдер жаңы түшүнүктөр, туюнтмалар аркылуу гана эмес, эски сөздөрдүн жаңы мааниге ээ болуусунун негизинде да курулушу мүмкүн. Мисалы,«борбор» деген сөз мурда кыргыз элинин улуттук оюну болгон ордонун дал ортосуна коюлган тыйын турган жерге карата айтылчу. Кийин бул сөз «борбор шаар» деп жаңы мааниге өттү. Ар мезгилдин өзүнүн неологизм сөздөрү бар. Азыр экономикага, компьютерге, техникага, саясатка байланыштуу көп жаңы сөздөр тилибизге улам-улам кирип жатат. Неологизм кыргыз тилинде жазылган илимий эмгектерде, монографияларда арбын учурайт. Жаңы илимий түшүнүктөрдү, туюнтмаларды, аныктамаларды берүүдө неологизмди колдонуу зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]