Нептунизм

Википедия дан

Нептунизм (лат. Neptunus – Нептун, рим мифологиясындагы деңиз жана суу кудайы) – 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башындагы бардык тектер чөкмө түрүндө суудан пайда болот деп караган геологиялык концепция. Ал кезде геология илими өз алдынча илим болуп бөлүнө элек эле. Нептунизмди А. Г. Вернер (Германия) негиздеген; жактагандар А. Делюк (Франция), Р. Кирван (Улуу Британия) болгон. Булар тоо тектерди «биринчи» – дүйнө жүзүн каптап жаткан алгачкы океандагы химиялык кристаллдашуудан пайда болгон (гранит, гнейс, кристаллдуу сланецтер жана башка магмалык жана метаморфизмделген) тектер жана«экинчи» – жогорку тектерди жаап жаткан топон суудан келип чыккан катмарлар (акиташ теги, көмүр, гипс, туздар жана башка) деп эки топко бөлүшкөн. Нептунисттердин ою боюнча жогорку тектер орун алгандан кийин эч кандай өзгөрүүлөр, тектоникалык процесстер болгон эмес. Алар азыркы кездеги геологиялык агенттерге (атмосфералык жаан-чачынга, агын сууларга жана башка) маани бербей, кум менен шагыл пайда кылуучу алсыз күч деп түшүнгөн. Магма тектер жер астындагы көмүрдүн күйүшүнөн келип чыгат деп, ал эми базальттын чөкмө түрүндө пайда болору жөнүндөгү Вернердин оюн талкуулап, жанартоодон пайда болгон деп далилдөөгө аракеттенишкен. Магмалык жана чөкмө тектер жөнүндө илимий түшүнүктөр келип чыккандан кийин Н. өзүнүн маанисин жоготкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]