Нерест

Википедия дан

Нерест, урукташ тоо – балыктын жыныс продуктуларын – жетилген жумурткасын (икрасын) жанаурук суюктугун кийин уруктандыруу үчүн таштоосу. Көпчүлүк балыктын жумурткасынын уруктануусу, ургаачысынын денесинен тышкары, сууда, жагымдуу шартта (урук таштоого ылайык жерде) өтөт. Балыктын байырлаган жеринен бир нече миң км алыс урук таштоочу жерге сүзүп баруусу урук таштоо миграциясы деп аталат. Тузсуз сууда жашоочу балыктар икрасын ташка (шагылга) таштап, литофилдүү (мекирелер, сом сымалдар), өсүмдүккө таштоочулар фитофилдүү (каңылтыр, тыран жана башка) жанасуунун калың катмарына таштоочу пелагофилдүү (дөң маңдай, чехонь жана башка) балыктар болуп айырмаланат. Муздак жанамелүүн сууда жашоочулар жылына бир жолу жазында, жайында же күзүндө урук чачат. Тропикте урук таштоо мезгили анча байкалбайт, себеби тропик балыктары жыл бою көбөйөт. Кээ бир балык, мисалы,тынч океан сом балыгы өмүрүндө бир гана жолу урук таштап, анан өлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]