Несмеянов Александр Николаевич

Википедия дан

Несмеянов Александр Николаевич [28.8 (9. 9). 1899, Москва – 17. 1. 1980, ошол эле жер] – химик-органик, СССР ИАнын академиги (1943; корреспондент-мүчө, 1939), коомдук ишмер, СоциалисттикЭмгек Баатыры (1969, 1979). СССР Мамлекеттик сыйлыктын (1943) жана Ленин сыйлыктын (1966) лауреаты. 1922-жылы ММУну бүтүп, ошол эле жерде профессор (1935), кафедра башчысы (1944), декан (1944–48) жана ректор (1948–51). СССР ИАнын органикалыкхимия институтунда директор (1939–54), химия бөлүмүнө академиялык секретарь (1946–51) жана президенти (1951–61). Элемент-органикалык бирикмелер институтунун (азыр Н. атындагы) директору (1954–61), 1961-жылдан жалпы жана органикалык химия бөлүмүндө академиялык секретарь, СССР илим жана техника боюнча Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктар комитетинин председатели (1947–61). Несмеянов негизинен металл органикалык бирикмелерди изилдеген. 1929-жылы сымап органикалык бирикмелердин синтезинин диазометодун киргизген. Кийин бул метод менен Sn, Pb, Ti, Sb, Bi металл органикалык бирикмелерди синтез жолу менен алышкан (Несмеянов реакциясы). Сымап органикалыкбирикмелерден Mg, Cd, Al, Sn жана башка металл органикалык бирикмелерди синтездөөнүн жөнөкөй жана ыңгайлуу методун иштеп чыккан. Көмүртектин каныккан атомундагы электрофилдүү орун алмашуу механизмин түшүндүргөн. Хлордуу, бромдуу жана триарилоксондуу бирикмелерди биринчи жолу синтездеген. Н. көптөгөн чет өлкөлүк академиялардын мүчөсү. СССР Жогорку Советинин (3–5 шайланган) депутаты. Алты Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Эмгек: Элементоорганическая химия. М.,1970; Исследования в области органической химии. М., 1971.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]