Нефелометриялык анализ

Википедия дан

Нефелометриялык анализ - Тиндаль кубулушуна негизделген хим. сан анализинин методу.

Эритмеден чөкпөй турган бөлүкчөгө капталынан жарык бергенде жарыктын туш тарапка сынышы (чачырашы) Тин­даль кубулушу деп аталат.

Тиндаль кубулушун изилдеген Рэлейдин мыйзамына ылайык, эритмедеги калкып жүргөн бөлүкчөлөрдөн чачыраган жа­рыктын интенсивдүүлүгү бөлүкчөлөрдүн көлөмү менен санына түз пропорциялаш болгондуктан калибровкалык сызык түзүп, анын жардамы менен эрип жүргөн заттардын белгисиз санын табууга болот.

Нефелометриялык анализ менен суунун ылайлуулугун, газдардагы чаңды, кээ бир өндүрүштүк эритмелердин кирлигин аныктоого болот.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.