Нефуд

Википедия дан
Файл:An Nafud.jpg
Нефуд.

Нефуд - Араб жарым аралдарындагы чөлдөрдүн жалпы аты.

Эң ири чөлдөрү: Чоң Нефуд, Кичи Нефуд жанa Нефуд-Дахи. Чоң Нефуд — Сауд Аравиясынын түндүгүндө жайгашкан. Аянты 70 миң км2, деңиз деңг. бийикт. 600—1000 м. Жеринин көпчүлүк бөлүгүн бархандар (бийикт. 100 мте чейин) жанa кум жалчалары ээлейт.

Айрым жерлеринде таштуу чөл жанa бийикт. 1000 жден жогору болгон аралча тоолор кездешет. Климаты тропиктик, кескин континенттик; июлдун орт. темп-расы 30°Сден жогору (максиму­му 54°Сге чейин), январдыкы 10°Сден жогору.

Жылдык жаан-чачыны 100 мм. Өсүмдүктөрү сейрек (көбүнчө шыбак). Чет жакаларында оазистер бар. Кичи Нефуд (Дехна) кумдуу чөлү Чоң Нефуд (түн.) жанa Руб-эль- Хали (түш.) чөлдөрүнүн ортосунда жайгашкан.

Уз. 1200 км, туурасы 20—70 км. Орт. бийикт. 450 м. Кум массивдери куэст дөңсөөлөрү менен чектешет. Чыгышында ак соксоел өсөт. Нефуд-Дахи — Араб ж. а-нын борб. бөлүгүндөгү кумдуу чол. Уз. 500 км, туурасы 100 км.

Жылып жүүүчү бархандардын массивдери бар. Өсумдүк сейрек өсүүчү бул чолдор сезондук жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.