Нивелирлөө

Википедия дан

Нивелирлөө – жер бетинде белгиленген чекиттердин бийиктигин алгачкы («нөл» бийиктик) бийиктигине же деңиз деңгээлине салыштырып аныктоо. Топографиялык съёмкада (ар кандай курулуштарды, темир жана шоссе жолдорун курууда, инженердик иштерде, нивелирдик торлорду түзүүдө жана башка) колдонулуучу геодезиялык өлчөөлөрдүн бир түрү. Жер бетинин түзүлүшүн, түспөлүн, кебетесин, океан-деңиз сууларынын деңгээлин эсептеп чыгып, так маалыматтарды берет. Жер бетинин өйдө-төмөн көтөрүлүп түшүүсүн аныктайт. Геометриялык, тригонометриялык, барометрдик, гидростатикалык ыкмалар колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]