Нивхтер

Википедия дан

Нивхтер, нивхылар (эскиче гиляктар, өздөрүн «киши» деп аташат) – Россиядагы эл. Хабаров крайында (Амур дарыясынынтөмөнкү агымынын алабында жана Сахалин аралынын Түндүк бөлүгүндө) жашашат. Саны 5800 киши (2012). Нивх жанаорус тилдеринде сүйлөшөт. Нивхтер – Сахалин ж. аралында жанаАмур дарыясыныналабында жашаган байыркы калктын тукумдары. Тунгус-манжур элдери, япондор жана айнылар менен кеңири этностук-маданий байланышта болгон. Негизги кесиби – аңчылык жана балыкчылык. Үй айбандарынан ит багып, унаа катары пайдаланышкан. Кышкысын жер төлөлөрдө, жайкысын жантайма чатырлуу, түркүктөргө сваяларга) салынган үйлөрдө күн кечирип, балык жана ит терисинен тигилген кийим кийишкен. Расмий түрдө православие дининде деп эсептелсе да, шамандык ырым-жырымдарга ишенишет. Тамак-ашы негизинен балыктан, деңиз жана токой жаныбарларынын этинен, жер-жемиштерден даярдалат. СССР мезгилинде нивхтерде балык артелдери, өнөр жай ишканалары, маданий жанаэлге билим берүү мекемелери уюшулуп, ата кесиби мененбирге дыйканчылык жана мал чарбачылык өнүгүп, улуттук интеллигенциясы пайда болгон. 1932-жылы нивх жазмасы түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]