Нике

Википедия дан

Нике – жубайлардын ортосунда мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке мамилелерди пайда кылуучу, тараптардын эркин жана толук макулдугу менен, мыйзамда каралган тартипте, үй-бүлө түзүү максатында түзүлгөн аял менен эркектин ортосундагы тең укуктуу бирлик. Н. жарандык абалдарды катоо органдарында түзүлөт. Бул биримдик эркин жана тараптардын экөөсүнүн тең макулдугу менен түзүлүп, мамлекеттик органда расмий каттоого алынгандан кийин жубайлар үй-бүлө деп эсептелип, бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ болушат.[1] Кыргыз Республикасында жубайлар жеке, мүлктүк жана сексуалдык мамилелер боюнча тең укуктуу. 1984-жылдан тартып айрым өлкөлөрдө (Швеция, Дания, Норвегия, АКШ) бир жыныстагы жуптардын биргелешип жашоолорун каттоонун атайын жолжобосу киргизилген.[2] 2000-жылы Нидерланддарда дүйнөдөгү биринчи бир жыныстык нике тууралуу мыйзам долбооруна кол коюлду. Учурда дүйнөнүн 54 мамлекетинде бир жыныстуу никеге уруксат берилип келет. Алар Нидерланддар, АКШ, Канада, Мексика, Колумбия, Тайвань, Европанын бир катар өлкөлөрү жана башка.[3]

Расмий нике руханий же диний жөрөлгө менен бекемделүүсү мүмкүн. Диний көз караштарга карата мечит же чиркөө кызматкеринин жубайларга нике кыюусу, үй-бүлө курууда талап кылынган негизги шарттардын бири. Үй-бүлө – никеден, туугандыктан, бала асырап алуудан улам келип чыгуучу укук жана милдеттер менен байланышкан адамдардын чөйрөсү, мамлекет тарабынан коргоого алынган социалдык институт.

Мыйзам жана статистика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1948-жылдын 10-декабрында Париж шаарында БУУнун Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган.[4] Ал декларациянын 16-беренесинде мындай деп жазылган:

“Бойго жеткен эркектер жана аялдар расасы, улуту же дини боюнча эч кандай чектөөсүз никеге турууга жана үй-бүлө күтүүгө укуктуу. Алар никеге туруу, никеде болуу жана аны бузуу учурунда бирдей укуктардан пайдалана алышат”.

“Никеге туруп жаткан тараптар өз эрки менен ага өз ара толук макул болгондо гана нике кыйылат”. Дал ушул принциптер дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда нике мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын өзөгүн түзөт. Кыргызстанда нике курагы 18 жаш, бул жашка толгон ар бир жаран никеге турууга укуктуу. Кыргызстанда жылына орточо 40-50 миңдин тегерегинде жаңы үй-бүлө курулат. Эркектердин 66 пайызы, аялдардын 70 пайызы 20-29 жаш аралыгынта турмуш курушат Кыргызстанда жарандардын 98 пайызы мекендештерине, 2 пайызы чет өлкөлүк жарандарга баш кошот.[5] Кыргызстанда көп аял/күйөөгө жана бир жыныстуу никеге уруксат берилбейт.

Салт жана дин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз салтында ата-энесинин, элдин батасы менен нике курган үй-бүлөлөр бекем болот деген түшүнүк бар. Нике кыйылып жатканда жаштар бири-бирине ыктыярдуу түрдө баш кошуп жатканына башкалар да күбө болушу кажет. Ошондой эле жубайларга өкүл ата жана өкүл эне коюу салты да азыркыга чейин колдонулат. Мурда өкүл ата-энени үйлөнгөн жигиттин ата-энеси тандап беришсе, учурда көбүнчө жубайлар өздөрү тандашат. Өкүл ата-эненин милдети жаш жубайларга жол көрсөтүү, алардын ынтымакта жашашына көмөктөшүү болуп саналган. Ошондуктан өкүл ата-энеликке жашы жубайлардан бир топко улуу, турмуштук тажрыйбасы бар адамдарды коюшкан.

Нике кыюу - ислам динин карманган адамдарга коюлган талаптардын бири.[6] Исламда никенин 3 шарты бар: жубайлардын экөөсүнүн тең мусулман болушу, нике кыйылып жатканда күбөлөрдүн болушу жана тараптардын келишүүсү. Ушул 3 шарт толук аткарылса нике кабыл болду деп эсептелет. Дин өкүлү Курандан тийиштүү сүрө, аят, дубаларды окуу менен жубайлардын никесин бекемдейт.

Христиан дининде нике – христиан үй-бүлөсүнүн чиркөө тарабынан бекемделиши. Чиркөө, Апостол Павелдин каты аркылуу, никени улуу «сыр (таинство)» деп атайт, христиан никедеги жубайлардын биригүүсү менен Исанын чиркөө менен биригүүсүн салыштырып: “Ошондуктан эркек ата-энесин таштап, аялы менен жабышат, экөө бир дене болот.[7]

Эрте жана мажбурлап никеге тургузуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жарандарды эрте, мажбурлап никеге тургузуу учурдун эң актуалдуу маселелеринин бири. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, учурда жыл сайын 12 миллион кыз 18ге чыга электе күйөөгө тиет.[8] Бул – ар бир мүнөттө 28 кыз эрте никеге турат дегенди билдирет. Жакыр өлкөлөрдө кыздардын 40 пайызы эрте турмушка чыгып кеткенин изилдөөлөр көрсөткөн. Уюм 82 өлкөдө изилдөө жүргүзүп, эрте никеге тургузуу дүйнө жүзү боюнча кездешкен көрүнүш экенин тастыктады. Эрте никеге тургандардын көбү Борбордук Африка республикасында экени аныкталган, бул өлкөдө эркектердин 28 пайызы 18 жашка чыга электе никеге турушат. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, элдин жакыр, билимсиз катмарында, көбүнчө айылдарда эрте никеге туруу көп кездешүүдө.[8] Уюмдун өкүлдөрү эрте никеге туруу Балдардын укугу боюнча конвенциянын[en] принциптерине каршы келет деп коңгуроо кагып келишет. Бүгүнкү күндө планетада жашы жете элек курагында никеге турган 650 миллиондон ашык аял бар деп эсептелет.

БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду[en] балдардын никесин токтотууга чакырып, бул боюнча элге кеңири түшүндүрүү ишин жүргүзүү зарылдыгын айтып келет.[9] БУУ 2030-жылга чейин балдарды никеге тургузуу көрүнүшүн биротоло токтотууну көздөп жатат.

2016-жылы Кыргызстанда жубайлардын ЗАГСка расмий каттоого турганга чейин молдолордун нике кыюусуна тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Баш кошкон жубайлар Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесине ылайык, нике кыйылганга чейин сөзсүз Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) бөлүмүнөн каттоодон өтүшү шарт же 18 жашка толгон болушу милдеттүү.[10] Эгерде бул талап аткарылбаса, нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери жана ата-энелер 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мыйзамдын авторлору расмий нике каттоодон өтпөй, диний жөрөлгө менен гана баш кошуп жашап жүргөн аялдардын укугу көп бузуларын, аларды коргоо зарылдыгынан улам да ушул мыйзам долбоору иштелип чыккандыгын айтышкан. Бул 18 жашка чыга элек жуптардын никеге туруусуна тоскоолдук жараткан демилге болду. 2018-жылы Бишкекте "Кыздардын укугун коргойбуз жана 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн эрте никеге туруусуна бөгөт коёбуз" аттуу жыйын өтүп, анда Кыргызстанда эрте никеге тургузууга тыюу салган мыйзам иштебей жатат деген сындар айтылган [11]. Бул жаатта чуулгандуу окуялар катталып, нике кыйган молдолорду жоопко тартуу маселеси да көтөрүлгөн учурлар бар.[12]

Ала качуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда кездешкен көрүнүш. Турмуш куруу максатында кыздарды жигиттердин күчкө салып өз үйүнө алып баруусу. Бул жат көрүнүштү даана ачыктаган 2 чуулгандуу окуя бар. Биринчиси, 2018-жылы 20 жаштагы Бурулай Турдали кызын 29 жаштагы жигит ала качып баратканда кармалып, кыз жана аны ала качкан жигиттер милиция бөлүмүнө жеткирилет. Кыз милиция бөлүмүндө ала качууга шектелген жигит тарабынан бычакталып каза табат. Ала качкан жигит өзүнө да бычак сайып, бирок аман калган. Кийин ал “адам өлтүрүү”, “ала качуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды.[13] Экинчи окуя – Айзада Канатбек кызынын ала качуунун курмандыгы болушу.[14] 2021-жылы 26 жаштагы Айзаданы тааныш жигити ала качып, көп өтпөй экөөнүн жансыз денеси Бишкектин четинде унаадан табылган. Бурулайдын окуясындай эле жигит алгач кызды өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйган. Ала качууга катышкан 5 жигит 6-7 жылга эркинен ажыратылды. Ала качууну мурда салт деп колдогондор көп болсо, учурда көпчүлүк буга каршы. Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине ылайык, Кыргызстанда никеге турууну көздөп кыз ала качкандар 7 жылга чейин эркинен ажыратылышат. Жогорудагыдай кайгылуу окуяларга карабай кыз ала качуу токтобой келе жатат. “Freedom House” уюмунун «Кыргызстанда кыз уурдоого бөгөт коюуга көмөктөшүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн иликтөөлөрүнө ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 10 миңге жакын кыз уурдоо катталууда.

Калың[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калың – турмушка чыккан кыздын ата-энесине күйөө бала тараптан берилүүчү төлөм. Илгертен келе жаткан каада. Төлөм акча, мал турүндө берилет. Борбордук Азия, Кавказ, Сибирь элдеринде бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келет.[15] Калыңдын суммасы ар бир өлкөдө, Кыргызстанда болсо ар бир аймакта ар башкача. Негизинен эки тарап сүйлөшүп аныктап алуучу маселе. Калың берүү “кызды сатып алуу” жана “жигиттердин үйлөнүүсүнө тоскоолдук” катары да сындалып келет. 2016-жылы Кыргызстанда “Коомдун гендердик маселелерди кабыл алуусу” деп аталган улуттук иликтөө жүргүзүлгөн. Анда калың жигитти кыз ала качууга түртчү жагдайлардын бири деп белгиленет. Сурамжылоодо жигиттердин бир бөлүгү калың төлөөдөн жана башка чоң каржылык чыгымдардан качуу максатында кызды ала качарын айтышкан. “Калыңды аз берип койду” деп таарынып, мунун айынан үй-бүлөлөргө доо кеткен учурлар да кездешет.[16]

Ажырашуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ажырашуу – жубайлар ортосундагы расмий никени токтотуу. Кыргызстандын Үй-бүлө кодексине ылайык, нике жубайлардын биринин же экөөсүнүн арызы боюнча никени бузуу аркылуу сот тарабынан токтотулат. Кыргызстанда ажырашуулардын саны өсүп жатканы көрсөтүлүүдө. 2019-жылы 1000 никеге 1,7 ажырашуу туура келсе[17] учурда Кыргызстанда 1000 никеге 222 ажырашуу туура келет. Бул ар бир бешинчи нике бузулууда деген сөз. Шаарга караганда айыл жеринде ажырашуулар 2,4 пайызга аз экенин статистика көрсөтүүдө. Эксперттер ажырашуулардын башкы себеби деп бир нече жагдайларды аташат: эрте турмуш куруу, ала качуу, миграция, аракечтик, үй-бүлөлүк зомбулук, жакырлык жана башка.[18] Ажырашууда жубайлар үй-мүлкүн бөлүштүрүүнү өз ара макулдашып алышат же сот аркылуу чечилет.

Полигамия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Епископ Ира Элдредж үч аялы менен портрети: Нэнси Блэк Элдредж, Ханна Мэрайя Сэвэйдж Элдредж жана Хельвиг Мари Андерсен Элдредж. АКШ, 1864.

Полигамия (көп күйөө/аялдуулук) – ислам маданиятына жана алгачкы коомдорго таандык түшүнүк.[19] Байыркы европалык коомдордо, Кытай, Корея 85%га чейин көп аялдуулукту карманышкан. Бирок, убакыттын өтүшү менен алар андан баш тарта башташты. Көп аял алуу Жапонияда 1880-жылы, Кытайда 1953-жылы, Непалда 1963-жылы тыюу салынган.[20] Байыркы Грецияда убактылуу көп аялдуулукка уруксат берилген деп айтылат. Согуштан кийин эркектердин саны кескин азайып кеткенде аларга бир нече аял алууга уруксат берилген. Жоготуулардын орду толукталгандан кийин көп аялдуулук боюнча нике расмий жокко чыгарылып турган. Байыркы Вавилондо, Египетте, Афиныда, Индияда жана түрк тилдүү элдерде көп аялдуулук болуп келген. Хаммурапинин мыйзамдарында да (Б.з.ч. 1750-жылдары түзүлгөн байыркы жазуу эстелиги) белгилүү шарттардын негизинде көп аялдуулукка уруксат берилгенин көрүүгө болот. Ислам дини 4 аялга чейин алууга уруксат берет. Бүгүнкү заманбап жашоодо бул талаштуу маселе. Феминисттер бул көрүнүштү аялдарды басмырлоо, алардын укугун тепселөө деп, буга кескин каршы пикирде. Кыргызстанда көп аялдуулук көмүскөдө келе жаткан көрүнүш. Кош никеге мыйзам тыюу салгандыктан экинчи же үчүнчү аялдары тууралуу көптөр ачык айтышпайт. Булар – ислам нормаларынын негизинде түзүлгөн үй-бүлөлөр. Экинчи же үчүнчү болуп тийген аялда эч кандай юридикалык укук болбойт. Никелешүү тууралуу күбөлүктүн жоктугу мүлктү каттоодо, балдарга документ алууда кыйынчылык жаратат. Ажырашып кеткен күндө андай аялдар алимент талап кылууга укуксуз. БУУнун Балдар фондунун ушул маселе боюнча 2014-жылдан кийинки баяндамасында Кыргызстандагы 15-49 жаштагы аялдардын 0,9 пайызы экинчи аял болуп никеге турганы белгиленет.[21]  

Айрым маданияттарда полиандрия, башкача айтканда, көп күйөөлүүлүк деген да түшүнүк бар. Азыркы күндө аз санда болсо да Индияда, Непал, Кытай өлкөлөрүнүн кээ бир коомчулуктарында кездешип келет.[22] Полиандрия жаратылыш ресурстары абдан чектелген  коомдорго мүнөздүү деп эсептелет. Ресурстардын жетишсиздиги төрөлүүнү чектөө зарылдыгын жаратып, ар бир баланын аман калышынын маанилүүлүгүн жогорулатат.[23]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Haviland, William A.; Prins, Harald E.L.; McBride, Bunny; Walrath, Dana (2011). Cultural Anthropology: The Human Challenge (13th ed.). Cengage Learning. ISBN 978-0-495-81178-7.
  2. Scherr, Judith (28 June 2013). "Berkeley, activists set milestone for domestic partnerships in 1984". East Bay Times. Кирүү күнү: бугу айынын 8, 2022.
  3. D.Masci, E.Podrebarac, M.Lipka, Same-Sex Marriage Around the World, 2019. https://www.pewresearch.org/religion/fact-sheet/gay-marriage-around-the-world/ Кирүү күнү: бугу айынын 8, 2022.
  4. Адам укуктарынын жалпы декларациясы. 1948-жылдын 10-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 217 А (III) резолюциясы менен кабыл алынган. (орус.) https://www.un.org/ru/documents/decl_conv/declarations/declhr.shtml
  5. Кыргызстанда эрте никеге туруу азайууда. 19.01.2021 http://www.stat.kg/kg/news/v-kyrgyzstane-sokrashaetsya-chislo-rannih-brakov/ Кирүү күнү: бугу айынын 8, 2022.
  6. Куран, 24:32
  7. Еф. 5:31, 32
  8. 8.0 8.1 ЮНИСЕФ. В мире снизилось количество детских браков на 25 миллионов, 2018.
  9. 7 things you might not know about child marriage, 2022.https://www.unfpa.org/news/7-things-you-might-not-know-about-child-marriage
  10. Үй-бүлө кодекси. 14-берене: Нике курагы жөнүндө ушул Кодекстин талаптарын бузууда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
  11. https://www.super.kg/kabar/news/225169/
  12. Ошто 16 жашында көз жарган эненин окуясы. Кызды күйөөгө берген ата-энеге жана нике кыйган имамга кылмыш иши козголо турганы белгилүү болду. 2018. https://www.super.kg/kabar/news/251983/
  13. Кыргызстан: Нарастает давление на обеспечение безопасности женщин и девочек, 2019. https://www.hrw.org/ru/news/2019/05/28/330476
  14. Еще одна женщина убита в случае «кражи невест» в Кыргызстане, 2021. https://www.hrw.org/ru/news/2021/04/12/378456
  15. Калым и приданное: сколько платят за невесту и жениха и как эти традиции создают проблемы в Центральной Азии, 2019. https://www.currenttime.tv/a/kalym-asia-traditions-women-rights/30240924.html
  16. З. Кожобаева, 2019. Кудаларды кубалаштырган калың менен сеп.
  17. Статистикалык комитет. Кыргызстанда 2019-жылдагы никелешүүлөр менен ажырашуулардын саны, 16.06.2020.
  18. UNFPA. Ранние браки в странах Восточной Европы и Центральной Азии: региональный обзор. (орус.).
  19. APA Dictionary of Psychology. Polygamy. 2020
  20. Шаинян, К. Доказательство трюизма (орус.) // Вокруг света : журн. — 2012. — 31 марта. Кирүү күнү: бугу айынын 10, 2022.
  21. “Коомдун гендердик маселелерди кабыл алуусу” улуттук иликтөөнүн жыйынтыктары. Бишкек, 2016.
  22. Gielen, U. P. (1993). Gender Roles in traditional Tibetan cultures. In L. L. Adler (Ed.), (англ.) International handbook on gender roles (pp. 413—437). Westport, CT: Greenwood Press.
  23. The Center for Research on Tibet Papers on Tibetan Marriage and Polyandry Кирүү күнү: бугу айынын 10, 2022.