Никель сульфаты

Википедия дан

Никель сульфаты, NiSO4 – саргыч ромб кристаллдар, тыгызд. 3,652г/см3 (250С), пайда болуу жылуулугу DН0298 = 218 ккал/моль. Нымдуу абада сууну сиңирип алып, жашыл түскө өтөт. Сууда эригичтиги 21,40 (0оС); 29,99 (30оС), 23,59 (50оС); 43,42 (99оС). СН3ОН менен С2Н5ОН эригичтиги 0,01% жана 0,01% (15оС). 3,150С 31,5оС чейин суудагы эритмесинен Mg, Mn, Fe, Co, Zn, гептагидрат менен изоморфтуу никель купоросу NiSO4·7Н2О кристаллдары бөлүнөт. 31,5-53,6оС көк-жашыл түстөгү тетрагоналдуу a-NiSO4·6Н2О, ал эми 53,6 – 99оС чейин b-NiSO4·6Н2О пайда болот. Темп-ра жогорулаган сайын суу молекулалары  саны азайып, стабилдүү NiSO4·Н2О пайда болуп, 280о С жогору суусун толук жоготот. Н. с. щелочтуу металлдар сульфаттары менен кош туздарды: Ме 2Ni(SO4)2· 6Н2О, Ме-К+, Rb+, Сs+, NH4+ берет. Булардын ичинен никель-аммоний сульфатын практикалык мааниси чоң. Өнөр жайда Н. с. металлды күкүрт к-тасында эритүүдөн алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]