Нике жана үй-бүлө

Википедия дан

Нике жана үй-бүлө - эркек менен аялдын, алардын балдарга карата мамилесин жөнгө салуучу өз ара байланышкан социалдык институттар. Нике - тукум улоонун табигий муктаждыгынан жаралган эркек менен аялдын коом тааныган союзу. Үй-бүлө ушундай союзга негизделген жана аны урууну (урукту) экономикалык жактан камсыз кылуучу коомдук ячейка. Нике менен үй-бүлөөгө так аныктама берүүгө алардын тарыхта чоң өзгөрүүгө дуушар болушу, түрдүү формаларынын пайда болушу кыйынчылыкты жаратат. Нике менен үй-бүлөнүн башталгыч формасы боюнча илимде ишенимдүү гипотезалар бар. Аларды эки топко бөлүүгө болот: Биринчи топтогу көз караштар боюнча толук калыптанып бүтө элек байыркы коомдогу эркек менен аялдын ортосундагы мамиле жөнгө салынбаган. Ошондуктан бул доордо нике жана үй-бүлө болгон эмес. Никенин алгачкы формасы, азыркы адам баласы калыптанып жана өз ара никелешүүчү уруктардын уюшуусу пайда болгондо жаралган топтук нике болгон мезгил. Топтук нике ар кандай коомдордогу эски калдыктар аркылуу белгилүү. Ал төмөндөгүдөй: кошуна жайгашкан уруулардагы эркектер менен аялдардын өз ара нике байланыштары тагыраак айтканда, уруулардын бири-бирине түгөйлөрдү берүү милдети, укугу жана башкалар болгон. Кийинчерээк артык баш азык-түлүктүн пайда болушу менен жана общинанын ичинде керектөөчү катмарлардын бөлүнүп чыгышы менен түгөйлүү нике пайда болот. Башка топтогу гипотезалар боюнча адамзат коому калыптана баштаганда эле түгөйлүү үй-бүлө жашаган, алар общинаны (жамаатты) түзүшкөн же азыркы уюм пайда болушу менен общинага биригишкен; топтук нике үстөмдүк кылбагандыктан түгөйлүү никени толуктап гана турган. Алгачкы общиналык түзүлүштүн өнүккөн мезгилиндеги нике жана үй-бүлө алгачкы теңдикти, анын ичинде эркек менен аялдын теңдигин чагылдырган. Күйөө менен аял коомдук өндүрүштө тең иштеген, мүлктөрү эки башка болгон, жалпы үй-бүлөлүк менчик болгон эмес, ал эми жаш балдар коомдун жалпы багуусунда болгон. Ошондуктан, нике уксорилокалдык же матрилокалдык болсо да, вирилокалдык же патрилокалдык болсо да жубайлар социалдык- экономикалык жактан тең укукта болгон. Нике бекем болгон эмес жана жеңил эле бузулуп турган. Жеке нике топтук никенин жуптары менен айкалышкан; полигамия (көп аялдуулук) кеңири тараган; сейрек болсо да полиандрия (көп күйөөгө тийүү) бар эле; никенин түгөйлүүлүгү ошентип салыштырмалуу абалда болгон. Азыркы түгөйлүү нике менен үй-бүлө, алгачкы эгалитардык нике менен үй- бүлө деп аталган. Алгачкы общиналык (жамааттык) түзүлүш бузулуп жаткан доордо экономиканын майда бөлүкчөлөргө бөлүнүшү жана жеке менчиктин пайда болушу чарбалык жеке менчик ячейка катары үй-бүлөнү бекемдөөнү талап кылды. Ошол эле мезгилде чарбанын алдыңкы чөйрөлөрүндө эркектин эмегинин ролу өстү, анын натыйжасында эркек өндүрүш каражаттарына менчикти монополиялаштырды. Туруктуу эмес түгөйлүү нике жана үй-бүлөдө аял, балдар күйөөгө, атага бекем байланган, анын багуусунда, үй-бүлөнүн көз каранды мүчөлөрү боло турган формалары пайда боло баштаган. Түз эле кичи майда үй-бүлө пайда болушу мүмкүн эмес, бирок айрым үй-бүлө чарбалык жактан алсыз болгондуктан, ага өтмө стадия: чоң же патриархалдык үй-бүлө, же үй-бүлөлүк община (жамаат) аркылуу өткөн. Мындай үй-бүлө жакын туугандардын үй- бүлөлөрүнөн турат, ага кулдар да кириши мүмкүн. Чоң үй-бүлөлөр бөлүнүп-ажырап, кайрадан чоңоюп турган. Натуралдык чарбанын шартында жана башка коомдордо сакталып турган. Бул стадияда пайда болгон патриархалдык институттар (калың төлөнүүчү нике, ала качуу, орто кузендик нике, полигиния жана башка) жаңы доорлорго чейин сакталып калган. Коомдун алга карай өнүгүүсү менен бирге, жубайлардын бекем биригүүсү - кичине же моногамдык үй-бүлө менен нике кеңири тарайт; бирок мындай формалар полигинияда да пайда болот, мындай үй-бүлөнү кичине, ал эми никени вирилокалдык (күйөөнүн бийлиги) патриархалдык же патриархтык (ата) деп атаса туура болот. Байыркы жана орто кылымдарда нике экономикалык келишим, ал эми үй-бүлөдөгү мамилелер анын башчысынын эрки мыйзам түрүндө бекитилген көз карандылык болгон. Жаңы мезгилден тартып нике жана үй-бүлө жеке менчиктик мүнөзүн жоготту, кайрадан теңдик мүнөзгө өтө баштады. Нике жана үй- бүлө структуралык-функционалдык варианттуулугу боюнча да түркүмдөштүрүлөт. Мисалы, жөнөкөй жана курама үй-бүлөлөр жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]