Нике келишими

Википедия дан

Нике келишими – никеге туруучу адамдардын же жубайлардын алардын никедеги жана/же аны бузуу учурундагы укук жана милдеттенмелерин аныктаган келишим. Никелешүүнү каттоого чейин түзүлгөн Н. к. ошол күндөн баштап күчүнө кирет. Н. к. нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Жубайлар Н. к. менен мыйзамда белгиленген биргелешкен менчик тартибин (жубайлардын мүлктөрүнүн мыйзамдуу тартибин) өзгөртүүгө, жубайлардын бүткүл мүлкүнүн же анын айрым бөлүгүнүн же жубайлардын арбиринин мүлкүнүн биргелешкен, үлүштүк же бөлүштүрүлгөн тартибин (жубайлардын мүлкүнүн келишимдик тартибин) аныктоого акылуу. Жубайлар Н. к. өздөрүнүн бири-бирин кароодогу укук жана милдеттерин, бири-биринин кирешелерине катышуу ыктарын, үйбүлөлүк чыгымдарды жасоонун тартибин, нике бузулганда ж. б. жубайлардын ар бирине тийүүчү мүлктөрдүн санын аныктай алышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]