Нике (укукта)

Википедия дан

Нике (укукта) – эркек менен аялдын үй-бүлө курууга расмий кириши. Болочок жубайлардын бул расмий адатты кабылдоосу менен алардын бири-бирине жана балдарына карата укуктары жанамилдеттери келип чыгат. КРдин Конституциясына ылайык үй-бүлө (анын ичинен нике) мамлекеттин коргоосуна алынган. Тиешелүү тартипте катталган нике гана укуктук натыйжага ээ. Жарандык абал актыларын каттоо органдарына никеге турууну суранып, арыз берилгенден бир ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт (жүйөлүү себеби болсо, бул мөөнөт кыскартылышы мүмкүн). Жубайлардын өз ара укуктары менен милдеттери нике катталгандан күчүнө кирет. Никелешүүчүлөрдүн ыктыярдуу макулдашуусу жана алардын нике жашына (адатта 18 жашка) толушу никеге туруунун шарты болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]