Никитина Еннафа Васильевна

Википедия дан

Никитина Еннафа Васильевна (1893, азыркы Томск шаары – 1. 6. 1975, Фрунзе) – биология илимдеринин доктору (1962), профессор (1962). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1963). Томск шаарындагы Сибирь жогорку аялдар курсун бүтүргөн (1916). 1917–27-жылы Томск мамлекеттик университетинде иштеген. 1927–41-жылы Кыргызстан мал чарба ИИИде улук илимий кызматкер, Кыргыз пединститутунда кафедра башчысы (1941–46), бир эле учурда Фрунзедеги Ботаникалык бактын директору. 1946-жылдан СССР ИАнын Кыргызстандагы филиалынын Биология институтунда, кийин Кыргыз ССР ИАнын Ботаника жана Биология институттарында лаборатория башчысы болуп иштеген. 80ден ашуун илимий эмгектин автору. Негизги илимий иштери Кыргызстандын флорасын изилдөөгө арналган. Анын жетекчилиги менен он бир томдук «Кыргыз ССРинин флорасы» деген китеп даярдалган (1952–65). Кыргыз ССРинин флорасын биогеохимиялык жактан тактоого, Республикасынын өсүмдүктөрүнүн жүз миң даана барак гербарийин түзүүгө чоң салым кошкон. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Эмгек: Флора Киргизской ССР (в соавторстве). Ф., 1946–65. Т. 1–11; Ядовитые и вредные растения пастбищ и сенокосов Киргизии. Ф., 1959; Флора и растительность пастбищ и сенокосов хребта Киргизского Ала-Тоо. Ф., 1962; Полыни Киргизии и их хозяйственные значения. Ф., 1964.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]