Николай Карамзин

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Карамзин Николай Михайлович [1(12). 12. 1766, Россия, Казан губерниясы, Бузулук району, Михайловка кыштагы – 22. 5 (3. 6.). 1826, Петербург] – орус жазуучусу, публицист жана тарыхчы. Москвадагы Шаден менчик пансионунан 1783-жылга чейин билим алган. Москва университетинен лекция уккан. Карамзиндин Чыгармачылыгы котормодон башталган. 1789-жылы Батыш Европаны аралап, белгилүү жазуучу, ойчул-агартуучулар менен таанышкан. Ал Россияда «Московский журнал» (1791–92), «Вестник Европы» (1802–03) журналдарын чыгарган. «Евгений менен Юлия» (1789), «Орус саякатчысынын каттары», «Байкуш Лиза», «Наталья – бояр кызы» жана башка повесттери аркылуу орус адабиятында сентиментализм багытын негиздеген. Анын туңгуч прозасы В. А. Жуковский, К. Н. Батюшков, А. С. Пушкиндин Чыгармачылыгынын өркүндөшүнө чоң таасир берген. 1790-жылдардын орто ченинде тарых маселелерине кызыгып, калган өмүрүн ага арнаган. 1803–26-жылдары «Россия мамлекетинин тарыхы» аттуу 12 томдук эмгегин жазган. Бул эмгек – орус элинин тарыхындагы чоң окуя болгон. Карамзин тарыхка кыраакы караган, башкача айтканда адамзат тарыхы, бул – бүткүл дүйнөлүк прогресс тарыхы, анын негизин акыл-эс менен адашуунун, билим менен билимсиздиктин күрөшү түзөт деген. Карамзиндин түшүнүгү боюнча тарыхта чечүүчү роль улуу адамдарга таандык. Карамзиндин тарыхка көз карашы учурунда мамлекет тарабынан колдоого алынып, расмий жолжобо деп таанылган. Славянофилдер Карамзинди руханий атабыз деп эсептешкен. Анын Ичинде Герцен Карамзин «биздин адабиятты гумандуу кылды» деген.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]