Николай Крючков

Википедия дан

Крючков Николай Афанасьевич [24. 12. 1910 (6. 1. 1911), Россия империясы, Москва шаары – 13. 4. 1994, ошол эле жер] – орус совет актёру, СССР эл артисти (1965). 1928-ж. Москва ТРАМынын (Жумушчу жаштар театры) труппасына өткөн. Н. П. Хмелёв, И. Я. Судаков, И. А. Совченконун шакирти. 1930–40-жылдары шайыр замандаштарынын образын түзгөн: Андрей Сазонов («Комсомольск», 1938), Клим Ярко («Трактористтер», 1939) ж. б. «Мылтыкчан киши» (1938), «Яков Свердлов» (1940), «Кырк биринчи» (1956) ж. б. фильмдерде революционердин, кызыл аскердин, партизандардын ролун чебер аткарган. 1950—60-жылдары каармандардын рухий дүйнөсүн терең ачкан бир нече драмалык ролдордо ойногон («Ырайымсыздык», 1959; «Сот», 1962 ж. б.). Белгилүү ролдору: Кузьма Петров («Чочко баккан аял менен малчы»), майор Булочкин («Небесный тихоход»), Корольков («Румянцевдин иши»), Неуеденов («Бальзаминовдун үйлөнүүсү»). СССР мамлекеттик сыйлыктын (1941) лауреаты. Ленин ордени, башка 3 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]