Николас Холт

Википедия дан

Николас Карадок Холт (англ. Nicholas Hoult;1989-жылдын 7-декабрында туулган) — англиялык актер. Холт актердук дебютун жети жаш курагында 1996-жылы жарык көргөн "Өтө жакын мамилелер" (англ. Intimate Relations) тасмасы менен жасаган. Ал "Бала тууралуу" (англ. About a Boy) тасмасында Маркус Бревердин ролун аткаруу менен таанымал болуп, Киносынчылардын тандоосу сыйлыгынын "Эң мыкты жаш актер" наамына көрсөтүлгөн. Ал "E4" телеканалынын "Тестиерлер" (англ. Skins) драма сериалында Тони Стонемдин образын ачып бергени үчүн мактоо алган.

Бул ролдордон кийин Холт "Икс адамдар" (англ. X-Men), "Жалгыз киши" (англ. A Single Man), "Жылуу денелер" (англ. Warm Bodies), "Райдагы көтөрүлүш" (англ. Rebel in the Rye) жана "Алаңгазар Макс: Каардуу жол" (англ. Mad Max: Fury Road) тасмаларында образдарды жаратып, киносынчылардын оң баасын алган жана коммерциялык ийгиликтерди жараткан. Ал 2017-жылдын декабрында көрүүчүлөргө сунуштала турган "Токтордун согушу" тасмасында ойлоп табуучу Никола Тесланын ролун аткарат.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]