Нимфа

Википедия дан

Нимфа (гр. nemphē – личинка) – муунак буттуулардын куурчакча стадиясы жок жеке өрчүүсүндөгү имаго алдындагы стадиясы. Кенеге, алгачкы канатсыздарга жана толук эмес кубулуп өрчүүчү курт-кумурскаларга (таракандар, кыпчуурлар) мүнөздүү. Нимфа жетилген формага окшош, бирок андан жыныс аппараты, ал эми канаттуу курт-кумурскалардын канаттарынын өрчүп жетилбегендиги менен айырмаланат. Көп жолу түлөгөндөн кийин нимфа имагого айланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]