Нинжа ташбакалар

Википедия дан

"Нинжа ташбакалар" (англ. Teenage Mutant Ninja Turtles; алгач бир катар Европа өлкөлөрүндөгу пикир келишпестиктен улам "Өспүрүм мутант баатыр таш бакалар" (англ. Teenage Mutant Hero Turtles) катары дагы белгилүү болгон, ошондой эле ӨМНТ (англ. TMNT; 1987) деп аталып келген) - Мураками-Уолф-Суенсон студиясы жана Франциялык IDDH компаниясы тарабынан чыгарылганган америкалык анимация. 1987-жылдын 28-декабрында бул анимациянын пилоттук версиясы беш бөлүктөн турган кичи тасма катары көрсөтүлгөн, ал эми 1988-жылдын 1-октябрынан тартып расмий нускасы көрсөтүлө баштаган. Ошондон бери шоу жана франшиза дүйнөгө таанымал болуп калды. Тасма Кевин Истман жана Питер Лейрд чыгарган комикстеги "Нинжа ташбакалар" жөнүндө. Уй-бүлө жана балдарга ылайыкташтыруу максатында коюу күңүрт түстөрдө тартылган комикстен олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон.

Шоу аркылуу тасманын каармандары көпчүлүккө таанылып, телекөрсөтүү тарыхында эн белгилүү анимациялардын бири болуп калды. 1980-жылдын аягында, жана 1990-жылдардын башында тасманын каармандары менен бат даярдалуучу дан кытырактары, жумшак оюнчуктар, жана башка түрдүү буюмдар пайда болгон. 1990-жылдардын башынан тартып, 2000-жылдардын аягына чейин алгачкы ак-жана-кара түстөрдөгү комикстин ордуна анимациянын негизинде түзүлгөн Archie Comics комикс китеби ийгиликтүү басылып чыгарылган. Тасманын каармандары дүйнө жүзү боюнча көп сатылган. 1990-жылдары анимациялар күн сайын 125тен ашык телеканалдарда берилип, айына 125 000ден ашык нуска комикстер сатылган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпизоддор тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]