Мазмунга өтүү

Ниобаттар

Википедия дан

Ниобаттар – беш валенттүү ниобийге туура келүүчү ниобий кислотасынын туздары. Эң негизги Н. метаниобаттар МеNbO3, ортониобаттар Ме3NbO4 же Ме5NbO5 түрүндөгү туздар кирет. ( Ме - шелочтук металл). Ортониобаттар жана Ме5NbO5 туздары сууда эригенде гидролизге учурап, татаал аквополи Н. 4Ме2О·3Nb2О5, 7Ме2О·6Nb2O5 пайда кылышат. Щелочтуу металлдар жер металлдары ниобаттары термикалык жактан туруктуу жана жогорку температурада (1200 оС) бууланбайт. КNbO3 жана NaNbO3 400-800оС вакуумда кычкылтекти бөлүп чыгарып, ниобий “колосу“ касиетине ээ болуучу катуу фазаларды пайда кылуу менен ажырайт. 800-1200о C вакуумда эркин абалдагы щелочтуу металл бөлүнүп чыгат, ал эми толук ажыроонун негизинде NbO 2 пайда болот. Кээ бир Н. балкып эрүү темп-ралары LiNbO3 – 1164о, NaNbO3 – 1250о, KNbO3 – 1184о, R6NbO3 – 1200о, Cs5NbO5 – 1200о, Na5NbO5 – 980о . Щелочтуу металлдар бардык суусуз метаниобаттары жана башка элементтер кээ бир Н. сууда начар эрийт. Калий туздары натрий туздарына караганда бир далай жакшы эришет. Көпчүлүк металлдардын Н. сегнетоэлектрдик, ал эми кээ бир шарттарда пьезоэлектрдик касиетке ээ. Н. ниобий гидроксидин щелоч эритмелери менен иштетүүдөн алынат. Ниобий жана тантал технологиясында Н. тоо тек концентраттарын ажыратууда пайда болот. РН³13 жеткенде эритмеден Ме2О Nb2О5 = 4:3 кристаллдашат. Кээ бир металлдар Н. керамикалык буюмдар, сегнетоконденсаторлор, пьезоэлектрдик блоктоочу жана көлөмдүк конденсаторлорду даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]