Нитробензол

Википедия дан

Нитробензол, С6Н5NО2 – ароматтык нитробирикмелер эң жөнөкөй өкүлү. Ачык сары-жашыл түстөгү сыяктуу майлуу суюктук; балкып эрүү t 5,80С, кайноо t 210,8оС; тыгызд. 1,987 г/cм3 (25о С) сууда эригичтиги 0,19 %, органикалык  эриткичтерде жакшы эрийт; өз алдынча тутануу t 482 оС, от алуу t 83оС. Бензолго нитрлөөчү аралашманы (НNО3 жана Н2SО4 аралашмасы) таасир этүүдөн алынат. Калыбына келтиргичтер менен реакцияга кирип, реакциянын шартына жараша анилинге же гидразобензолго чейин калыбына келет. Анилинди, азоту бар ароматтык органикалык  бирикмелерди (мисалы бензидин, хинолин, азобензол) өндүрүүдө, эриткич, металлды жылмалоочу каражат катарында колдонулат. Н. уулуу зат. Гемоглобинди метгемоглбинге чейин окистендирет. Ошондуктан анын абадагы концентрациясы 3 мг/м3 ашпоого тийиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]