Нитробирикмелер

Википедия дан

Нитробирикмелер — мол-сында бир же бир нече NО2 -нитротобу көмүртек атому менен байланышкан органикалык  бирикмелер. Алар курамындагы нитро-тобу санына жараша моно-, ди-, три-ж-а поли- Н. бөлүнөт. Алар алифаттык (нитропорафиндер, нитролефиндер), ароматтык (нитронилин, нитробензол, нитронафталин, нитротолуол жана башка) жана майлуу ароматтык Н. бөлүнөт. Ароматтык Н. сары түстөгү суюктуктар же кристалл түрүндөгү заттар. Эң жөнөкөй алифаттык Н. түссүз суюк заттар. Сууда начар эрийт. Алифаттык Н. эки таутомердик формада кездешет. Ароматтык Н. гемоглобинди метоксигемогло-бинге чейин окистендирет, нерв системасын, боорду бузат, тери ооруларын пайда кылат. Көпчүлүк полинитро-бирикмелер — жарылуучу заттар (ЖЗ — ВВ). Алифаттык Н. гидроксиламинге жана аминдерге чейин калыбына келет. Негиздер менен реакцияга кирип, туздар пайда кылат. Ароматтык Н. аминдерге чейин калыбына келет, аминдер, щелочтор жана башка продуктулар менен аддукт пайда кылат. Ядродогу -NО2 тобу жана суутек атому башка функционалдык топторго орун алмашууга жөндөмдүү. Алифаттык Н. парафинди суюк же буу фазасында суютулган азот к-тасы менен 140-150°С нитрлөөдөн; ароматтык Н.— ароматтык углеводородду нитрлөөчү аралашма менен нитрлөөдөн алынат. Н. жарылгыч заттар. Алар боёкторду, жарылгыч заттарды алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]