Мазмунга өтүү

Нитробоёктор

Википедия дан

Нитробоёктор — NO2 тобу, молекуладагы ОН- же NН2-тобуна карата орто-ж-а пара-абалында жайгашкан аро-маттык ди- же тринитробирикмелер. Алар аминнитро- же оксинитробоёктор деп аталат. Оксинитробоёктор: пикрин к-тасы, Марциус сарысы (2, 4-динитронафтол), нафтолдуу сары (2, 4-динитронафтол-1дин 7-сульфоктасы) — жүндү, терини, табигый жибекти ачык сары түскө боёочу к-талык боёктор катарында колдонулган. Күн нурунун таасирине туруктуулугу төмөн болгондуктан, акыркы мезгилде практикада колдонулбайт. Амин-нитробоёктор —дифениламин бирикмелери. Булардын көпчүлүгү күн нурунун таасирине туруктуу сары түскө ээ жана дисперстик боёктор катарында ке-ңири колдонулат. Мисалы, дисперстүү сары бышык 2К (2,4-динитро-4'-оксидифе-ниламин).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]