Нитротолуолдор

Википедия дан

Нитротолуолдор — толуол С6Н5СН3 ядросундагы суутек атому нитротоп — NO2 менен орун алмашуудан пайда болгон уулуу заттар. Мононитро-толуол толуолду азот жана күкүрт кислотасынын аралашмасы менен нитрлөөдөн алынат. 60 % п-нитротолуол; 35-36 % о-нитротолуол жана 4-5 % м-нитротолуол пайда болот. Динитротолуол техникада мононитротолуолду нитрлөөдөн алынган сары түстөгү кристалл, жарылгыч касиетке ээ. Тетранитротолуол (эрүү температурасы 1 °С) три-нитро-м-толуидинге азот оксидин таасир этүүдөн алынат. Н. боёкторду жана аралык продуктулар синтездөөдө колдонулат. Н. күкүрт к-тасындагы марганец кош оксиди менен, хромдуу к-та жана башка окистендиргичтер менен окистендиргенде реакциянын шартына жараша, нитробензальдегид же нитробен-зой к-тасы пайда болот. Н. уулуу зат. Абадагы концентрациясынын чеги 0,005 мг/л, мононитротолуол үчүн жана динитротолуол үчүн 0,001 мг/л, ашпоо керек. Кычкыл чөйрөдө цинк чаңы менен калыбына келтирүүдөн алынган толуидинди натрийдин нитрити менен титрлеп, Н. санын аныктоого жана сапаттык анализ жүргүзүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]