Нифадьев Владимир Иванович

Википедия дан

Нифадьев Владимир Иванович (5. 4. 1947-ж. туулган, РСФСР, Коми АССРи, Железнодорожный району, Мещура шаарчасы) – техника илимдеринин доктору (1993), профессор (1995), КР УИАнын академиги (2000), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1998). Россиянын эмгек сиңирген инженери (2000), КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер (1997). Борислав шаарында заводдо тракторист, слесарь (1965– 69), Казак ССРинин Каратау шаарында Тоо-химия комбинатында лаборант, инженер (1969–73), ФПМде илимий кызматкер (1973–86), Кыргызстан КП БКда инструктор, бөлүм башчы (1986–89), Кыргыз ССР (КР) ИАнын Физика жана механика институтунун директору (1989–93), 1993-жылдан КРСУнун ректору. Жардыруу иштери боюнча адис. 90дон ашык илимий эмгектин, анын ичинен 37 автордук күбөлүктүн ээси. «Достук» (Россия), Данакер ордендери менен сыйланган. Эмгек: Низкоплотные и сверхнизкоплотные взрывчатые смеси. Механизм детонации. Б., 1998; Детонация низкоплотных взрывчатых смесей на основе пенополистирола во внешних электрических и магнитных полях. Казань, 1998.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]