Ничкекөөдүл шаар чалдыбары

Википедия дан

НИЧКЕКӨӨДҮЛ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – Караханийлер мамлекетине таандык 10–12-кылымдагы шаардын калдыгы. Кетментөбө өрөөнүндө. Жалпы аянты 700х300 метр. Казуу мезгилинде кыштан жана колектен тургузулган 45 имараттын урандысы табылган. Алардын сакталып калган дубалдарынын бийиктиги 1–4 метр.. Булардын 17синин астанасына бышкан кыш төшөлгөн. Айрым бөлмөлөрүнүн ичинде эгин сакталуучу ороолор (эки-үчтөн кумура) болгон. Бөлмөлөрдүн ичи шыбалып, кызыл, кара жана башка түстүү боёктор менен кооздолгон. Алардын ичинен темир зоот, канжар, найза, жаанын жебелери, караханийлердин тушунда чегилген тыйындар табылган. Айрым окумуштуулар орто кылымдардагы Хайлам (Хатлам) шаары болсо керек деп болжолдошот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.