Ничке-Көөдүл

Википедия дан

Ничке-Көөдүл – Караханиддер мамлекетине таандык 10–12-кылымдагы шаар калдыгы. Кетмен-Төбө өрөөнүндө жайгашкан. Жалпы аянты 700300 м. Айланта мунаралар орнотулган. 1941-жылы профессор А. Н. Бернштам, 1958–59-жылы археолог Ы. Кожомбердиев казып изилдеген. Казуу мезгилинде кыштан тургузулган 45 имараттын урандысы табылган. Сакталып калган дубалдарынын бийиктиги 1–4 м. Булардын 17синин астанасына бышкан кыш төшөлгөн. Айрым бөлмөлөрүнүн ичинде эгин сакталуучу ороолор (экиүчтөн кумура) болгон. Бөлмөлөрдүн ичи шыбалып, кызыл, кара жана башка түстүү боёктор мененкооздолгон. Алардын ичинен темир зоот, канжар, найза, жаанын жебелери, Караханиддер тушунда чегилген тыйындар табылган. Айрым окумуштуулар (В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам жана башка) о. кылымдардагы Хайлам (Хатлам) шаары болсо керек деп божомолдошот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]