Ногоева Саадат

Википедия дан

Ногоева Саадат (1921, азыркы Жалал-Абад Облусттук, Ноокен району,Ноокен кыштагы – 1994, ошол эле жер) – механизатор, СоциалисттикЭмгек Баатыры (1966). Ош облусунун Ленин районундагы Рахманжан атындагы колхоздун пахтачылык бригадасынын бригадири (1958). 1961-жылы анын бригадасы пахтанын ар гектарынан 24,5 цден түшүм алып, 1965-жылы аны 31,8 цге чейин жеткирген. Өзү ошол жылы пахта жыйноочу комбайн менен 162,7 т пахта терген. 1966–74-жылы СССР Жогорку Советинин, 1959–75-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку (1959, 1975) депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]