Ногоева мектеби

Википедия дан

Жалал Абад облусуна караштуу Ноокен районунун №2 Саадат Ногоева мектеби

№ 2 С.Ногоева атындагы орто мектеби 1975 жылы Майлысуудагы механизациялаштырылган көчмө бирикменин усталары тарабынан Сорокин П.А. жетектеген колхоздун каражаттарына 640 орунга ылайыкталып курулган. Ошол мезгилде мектеп № 8 «Москва» орто мектеби деп аталган. Мектепке директор болуп Артыкбаева Зулайка дайындалган. 1979-жылы Абдуразаков Р., 1980- жылы Сирожидинов, 1981-жылы Рыскулова В. К. дайындалып директорлор алмашып турушту. 1982-жылы Цой Р.А. директор болуп дайындалды. Рудольф Андреевич аракетчил, акылдуу, уюштургуч болгондуктан мектепте көп өзгөрүүлөр болду.

1990-жылы мектеп директору болуп Эгембердиев К. Т. дайындалды. Андан соң көп өтпөй 1993-жылы Турдумбетова Р. С. дайындалды. Рымтай Сейтахметовнанын иш билги, мээнеткечтигинен 1995-жылы биздин мектеп «Кыргызстан-Сорос» фондуна пилоттук мектеп катарында кошулду.

«Кыргызстан-Сорос» фонду тарабынан компьютерлер, магнитафондор, телевизор жана ар түркүн китептер берилди. Мугалимдер семинарларга барып, өз билимдерин өркүндөтүштү. Окуучулар үчүн шайлоо системасы киргизилип, депутаттарды, президентти өздөрү шайлашты.Окуучулар өз мамлекетин СУВИН деп аташкан. Биздин мектепте англис тили, орус тили, өзбек тили, математика тереңдетип окутулган.

2002-жылы 1-сентябрда мектепке Саадат Ногоеванын ысмы ыйгарылды. 2001-2002 окуу жылынын билим берүү жана башка көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы боюнча мектеп областта III орунга, райондо I орунга ээ болду. «Кыргызстан-Сорос» фонду жана «Тынчтык» корпусунун жардамы менен Шамаматова Г. Д. Шотландияга, Жумалиева А. К. Венгрияга, Турдумбетова Р. С., Арзиева Г. К. Америка Кошмо Штаттарына барып, өз билимдерин өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Азыркы мезгилде Айрекс администрациялык кылган Америка Мамлекттик Департаменти каржылаган “Билим беруудогу заманбап технологиялар” программасы менен иштеп , мугалимдер жана окуучулар учун акысыз интернет менен иштоо мукунчулугу тузулгон. Мугалимдер менен окуучулар компьютердик билимдерин оркундотушуудо. Окуучулар болсо Аменрикалык балдар менен кат алышып, оз олколору тууралуу пикр алмашышууда.

Быйылкы 2011-2012 жаны окуу жылында Калмаматова Махбуба Маматалиевна мектепке жетекчилик кыла баштады.