Ногойбаев Мукамбет Дайырович

Википедия дан

Ногойбаев Мукамбет Дайырович (1957) – Россия ветеринардык илимдер академиясынын академиги (2001), Эл аралык ветеринардык илимдер академиясынын академиги (2003), ветеринардык илимдеринин доктору (1998), профессор (1999), К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин малдын ички ылаңдары кафедрасынын башчысы.

Кыскача ѳмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ногойбаев Мукамбет 1957-жылы Ысык-Кѳл обласынын, Тоң районунун Кѳл-Тѳр айылында тѳрѳлгѳн.

  • 1974-жылы Тоң районундагы Коңур- Ѳлѳң орто мектебин аяктаган.
  • 1974-жылы Кѳл-Тѳр орто мектебинде мугалимдик кесипте иш тажырыйбасын баштаган.
  • 1980-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба иниститутунун ветеринардык факультетин бүтүргѳн.
  • 1980-1986-жж. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба иниститутунун ветеринардык факльтетинде аспирант, андан соң ассистент болуп иштеген.
  • 1987-1990-жж. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун профкомунун тѳрагасы.
  • 1991-1996-жж. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун, малдын ички ылаңдары кафедрасында доцент, кафедра башчысы.
  • 1996-2001-жж. Кыргыз агрардык академиясынын профессору, кафедра башчысы.
  • 1989-ж. Ветеринардык илимдеринин кандидаты. Темасы: „Койдун кетозу (субклиникалык формасында дарылоо жана диагноздоо экспресс-ыкмасын иштеп чыгуу).”
  • 1991-ж. Терапия жана фармакология боюнча доцент.
  • 1998-ж. Ветеринардык илимдердин доктору. Темасы: „Койдун кетозунда патологиялык процессти коррекциялоо.”
  • 1999-ж. Малдын ички ылаңдары боюнча профессор наамын алган.
  • 2001-2007-жж. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин, малдын ички ылаңдары кафедрасынын башчысы, профессор.
  • 2001-ж. Россия ветеринардык илимдер академиясынын академигине (анык мүчѳлүгүнѳ) шайлаган.
  • 2003-ж. Эл аралык ветеринардык илимдер академиясынын академигине (анык мүчѳлүгүнѳ) шайлаган.
  • 2008-2009-жж. Кыргыз агрардык университетинин окуу иштери боюнча проректору – биринчи проректор.
  • 2009-ж. Кыргыз агрардык университетинин ректорунун милдетин аткаруучу.
  • 2011-жылдан бери Кыргыз Улуттук агрардык университетинин малдын ички ылаңдары кафедрасынын башчысы, профессор.
  • 1999-жылдан бери докторлук (кандидаттык) диссертацияларды жактоо боюнча атайын кеңештин мүчѳсү.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акыркы 35 жыл ичинде, мамлекеттик бюджеттен каржыланган 4 илимий проблеманын жана 13 илимий темалардын илимий жетекчиси, жооптуу илимий изилдѳѳчү катарында үзгүлтүксүз эмгектенип келет.

Негизги илимий проблемалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Малдын зат алмашуу ылаңдарына жаңы диагностикалык алдын алуу жана дарылоо иш чараларын иштеп чыгуу (курамына 2 илимий теманы камтыйт);
  2. Жаш тѳлдүн ички патологияларында, иммундук статусун изилдѳѳ (курамына 4 илимий теманы камтыйт);
  3. Кыргызстандын шартында уйлардын жана алардын музоолорунун зат алмашуу ылаңдарын коррекциялоо (курамына 2 илимий теманы камтыйт);
  4. Кыргызстанда малдын биогеоценотикалык патологиясын алдын алуу боюнча илимий негизделген иш чараларды иштеп чыгуу (курамына 5 илимий теманы камтыйт).

Негизги илимий-методикалык эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акыркы 37 жыл ичинде 300гѳ жакын илимий эмгектер жарык кѳргѳн, алардын ичинде жогорку окуу жайынын студенттери үчүн БИМдин грифи менен 6 окуу китеби, 5 илимий монографиялар, 7 окуу китепчелери, 60тай усулдук кѳрсѳтмѳлѳр, сунуштар жана 220дан ашык илимий статьялар.

Алардын негизгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Внутренние незаразные болезни молодняка / Учебник для вузов. – Б.: Кыргызстан, 2001.-188 с.
  2. Малдын ички ылаңдарынын физиотерапиясы жана физиопрофилактикасы / ЖОЖдун студенттери үчүн окуу китеби. – Б.: Учкун, 2007.-230 б.
  3. Жаш малдын ички ылаңдары / ЖОЖдун студенттери үчүн окуу китеби. – Б.: Кутбер, 2011.-252 б.
  4. Внутренная патология животных с рецептурой / Учебник для вузов. – Б.: Кутбер, 2014.-400 с.
  5. Внутренние незаразные болезни молодняка / Издание 2-ое, учебник для вузов.-Б.: Кутбер, 2016.-280 с.
  6. Жаш малдын ички ылаңдары жана анын физиотерапиясы / 2чи басылышы, ЖОЖдун студенттери үчүн окуу китеби. – Б.: Полиграфбумресурсы, 2017.-464 б.
  7. Патология обмена веществ у овец / Монография.-Б.: Алтын Тамга, 2004.-328 с.
  8. Кетоз овец в Кыргызстане / Монография.-Б.: Технология, 1997.-441 с.
  9. Гипотрофия ягнят и пути ее профилактики / Монография.-Б.: Учкун, 2006.-160 с.
  10. Биогеохимические болезни у животных в Кыргызстане  / Монография.-Б.: Алтын Принт, 2010.-122 с.
  11. Гематология незаразной патологии животных / Учебное пособие.-Б.: Типография КАА, 2000.-50 с.
  12. Естественная и иммунная реактивность организма животных и их значение при внутренней патологии / Учебное пособие.-Б.: Кутбер, 2006.-73 с.
  13. Кетоз животных и перспективы его изучения / Проблемная лекция.-Б.: Молор, 2003.-25 с.
  14. Энзоотическая атасия ягнят методы диагностики, лечения и профилактика / Методические указания.-Бишкек, 2006.-20с.
  15. Модифицированные методы определения иммунологического статуса у КРС / Методические рекомендации.-Б.: Алтын Принт, 2013.-24с.
  16. Bioecological Situation in Kyrgyzstan and it’s Solution / International Journal of  Multidisiplinary Resedick and Development, 2014.-S.6-10.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1999-ж. Кыргыз Республикасынын элге билим берүү отличниги.
  • 2007-ж. Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын отличниги.
  • 2011-ж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын „Кыргыз тили” тѳш белгиси менен сыйланган.
  • 2011-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин „Ардак Грамотасы” менен сыйланган.
  • 2016-ж. Тоң районунун „Ардактуу Атуулу” сыйлыгын алган.

Профессор М.Д. Ногойбаевдин илимий жетекчилиги менен корголгон диссертациялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Токоев Камил Капасович, темасы: „Гипотрофия ягнят (этиопатогенез, клиника, морфология и меры борьбы”, 2003.
  2. Медербекова Махабат Сталбековна, темасы: „Сүтүү уйлардын кетозунун, алардын физиологиялык функциясына жана тукумунун сапатына тийгизген таасири”, 2009.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]