Ногой-карагаштар

Википедия дан

Ногой-карагаштар - Россия Федерациясынын Астрахан аймагында жашаган түрк тилдүү этностук топ. Карагаштар түрк тилдеринин кыпчак бутагында сүйлөшөт. 18-к. Кичи Ногой ордосунан бөлүнүп чыгышкан. 1740-ж. тартып Түндүк Кавказ, Дагестан ногойлорунан обочолонуп, байланыш үзүлүп калган жаңы аймакта казактар менен маданий-этностук алакалар калыптанган. Илимий адабияттарда «кунуровдуктар» деген ат менен да белгилүү болушкан. Кыпчак тектүү карагаштар жалпы ногой өзгөчөлүктөрүн сактап калышкан. Карагаштар Астрахан аймагынын Краснояр, Хара- балык райондорунда жашашат. Калктын жалпы саны 5 миңден ашуун. Мусулман-сунниттер. Этностук топтун курамында «кыргыз- буруттар» деген уруу бар. Изилдөөчүлөрдүн пикирлеринде кыргыз- буруттар калмактардын 1759-ж. акыркы толкуну менен көчүп келишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]