Нокот

Википедия дан

Нокот (Cicer arietinum) – чанактуулар тукумундагы бир жылдык дан өсүмдүгү. Негизинен дан жана тоют үчүн өстүрүлөт. Данында 22–28% белок, 4,5%ке чейин май болот. 3–4 миң жыл мурда Жер ортолук деңизинин жээгиндеги мамлекеттерде (Египет, Грекия, Рим жана башка) эгилгени белгилүү. Нокот кургакка жана ысыкка чыдамдуу болгондуктан, Африка континенти менен Азиянын Түштүк жагындагы мамлекеттерде (Индия, Кытай, Араб жергесинде) көп аянттарга эгилет. Дыйканчылыкта, сорт сыноо станцияларында нокот гектарынан 30–40 цге чейин дан берет. Борбордук Азия эли нокотту сууда буулантып бышырып, ар кандай жыттуу ширелерди кошуп, тамакка колдонушат. Нокоттун уну кондитердик татымалга, консервага жана колбасага кошулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]