Номинативдик маани

Википедия дан

Номинативдик маани - объективдүү чындыктагы кубулуштарды, көрүнүштөрдү, нерселерди атоо үчүн колдонулган лексикалык маани, б.а., сөздүн жеке керт башы туюнткан түз маани.

Бул түздөн-түз денотативдик түшүнүк менен байланышат, б.а., адам акылына таасир эткен нерсе денотат деп аталат да, аны атоо үчүн алынган тилдик шарттуу белги – акустикалык образ номинативдик маанинини пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4