Номотетикалык метод

Википедия дан

Номотетикалык метод (гр. nomothetishe – мыйзам чыгаруу искусствосу) – Канттын окуусунда акыл-эстин мыйзамдарды жана таануу эрежелерин орнотуудагы мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн ыкмасы. Термин Виндельбанд тарабынан киргизилген. Кайталангыс фактыларды сүрөттөп жазуу менен гана чектелген идеографиялык тарыхый илимден айырмаланып, табият таануу илимдери табияттын мыйзамы деп «иш-аракет ыкмасы дайыма бирдей болуп эсептелген кайталануучу кубулуштарды» түшүнөт. Бул метод түшүнүктүн көлөмү менен мазмунунун тескери мамилесинин формалдуу-логикалык мыйзамын абсалютташтырып жиберет да, илимий ой толгоо процессин чагылдырууну жеңилдетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]