Нооруз манасчы

Википедия дан

Нооруз-манасчы (XVII-XVII-кылым)

Эл оозунда айтылып жүргөн маалыматка караганда Нооруз 17-кылымдын орто чени – 18 кылымдын башында жашаган.
Чын-чынына келгенде Нооруз манасчы жөнүндө аябай эле аз маалымат бар, дээрлик жокко эсе десе да болот. Бирок кадимки уламалуу, аттуу манасчылар Келдибек менен Балыкооз дал ушул Нооруз манасчыдан үлгү алган деген маалыматка караганда анын манасчылыгын эскербей, аттап кетүү дегеле мүмкүн эмес. Андан сырткары Тоголок Молдонун:
“Мурунку келген сөз менен,
Бура салбай жолунан.
Нооруз ырчы ырдаптыр,
Калганын тизип жамгарып.
Барган сайын толуктап,
Уккан адам таң калып.
Нооруздун арка жагынан,
Улап кетти тарыхты.
өз уругу чоңчарык,
Абийир тапкан “Манастан”.
Элден мурун үйрөнүп,
Айтып келген Таластан.
үйрөнгөнүн билбеймин,
Нооруз ырчы каяктан” – деген Тоголок Молдонун гана эскерүүсү бар.