Нормадан тышкары запас

Википедия дан

Нормадан тышкары запас — сод. ишканалардын (уюмдардын) белгиленген норматив менен орду толукталбаган жанa банк аркылуу кредиттелбеген өндүрүшкө жумшаган каражат бөлүгү.

Нормадан тышкары запас ишканалар ишти начар жүргүзгөндүктүн натыйжасында түзүлөт. Өнөр жай жанa айыл чарба ишканаларында, курулуш уюмдарында Нормадан тышкары запас чыгарылган продукциясын сапатынын вачарлыгыва, керек-аз товарлардын пландан сырткары 1дынып келишине, өндүрүүчүлөрдүн күнөөсү боюнча даяр продукциянын кармалышына ж. б. байланыштуу болушу мүмкүн.

Соода уюмдарында товардын Нормадан тышкары запасы өтүмсүз товарларлар топтолушу, тиричиликти тейлөө тызматынын начарлыгы менен түшүндүрүлөт. Нормадан тышкары запасты азайтуу менен ишкананын финансылык абалы жакшырып, эл чарбасына керектүү карама-каттары бошойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.