Норт, Дуглас

Википедия дан
Норт Дуглас (1997)

Норт Дуглас (АКШ) жана Роберт Фогель (АКШ) - (экономикалык теорияны тарыхый изилдөөлөргө колдонгондугу үчүн Нобель сыйлыгына татыган) 1993-ж.

Норт Дуглас 1920-ж. Кембриджде төрөлгөн.

Башка экономикалык тарыхты изилдөөчүлөрдүн (ошонун ичинде Фогельден) Норттун айырмасы конкреттүү тарыхый окуяларды аны мүнөздөгөн шарттары менен бирге изилдөөдө турат.

Ал өзүнүн негизги куралы катары трансакциондук чыгымдардын экономикалык теориясын пайдаланат жана «коомдогу оюндун турукташкан эрежелерин» көңүлүнүн борборунда тутат. Норт Испания менен Англия, АКШ өлкөлөрү мурунку тарыхый учурда бирдей экономикалык деңгээлде туруп, кийин чоң айырмаланып кеткендигин изилдейт. Мунун себебин ал, алардын экономикалык системасындагы «оюн эрежелеринин» жана бийликтин саясий «соодасынын» айырмаларынан көрөт. Англия менен АКШ жеке кызыкчылыкка жана эркиндикке шарт түзүп, негизги ресурстарды өндүрүмдүү пайдаланууга жетишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9