Нотариат

Википедия дан

Нотариат (лат. notarius – жазгыч, катчы) – келишимдерди күбөлөндүрүү, мурас укугун жолжоболоштуруп, документтерди укуктук күчкө ээ кылуу милдеттери жүктөлгөн мамлекеттикоргандар системасы. Мамлекеттик нотариатты уюштуруу, анын ишаракети КРдин нотариат жөнүндөгү мыйзамдары мененжөнгө салынат. Мамлекеттик нотариат органдарына мамлекеттин нотариат кеңселери кирет, аларга КРдин Юстиция министрлиги жетекчилик кылат. Нотариаттын негизги милдети – мамлекеттик жана жеке менчикти, жарандардын жана уюмдардын укуктары менен мыйзамдуу мүдөөлөрүн коргоо, мыйзамдуулукту жанаукук тартибин чыңдоо, укук бузууларды алдын алуу. Нотариаттык иш-аракеттер мамлекеттик кеңседе иштеген нотариус жана жеке нотариус тарабынан жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]