Ноумен

Википедия дан

Ноумен (гр. noumenon) – феноменге каршы келген акылдын жардамы аркасында маңызды түшүндүргөн термин. Ноумен түшүнүгү алгачкы жолу Платон тарабынан «Тимей» деп аталган диалогдо пайдаланылган. Автор Ноумен деп өз алдынча жашаган реалдуулукту жана акылга негизделген билимдин предметин түшүнгөн. И. Канттын эмгектеринде Ноумен эки мааниде каралат. Терс проблематикалуу түшүнүк катары Ноумен акыл-эс (рассудок) менен интеллектуалдык интуициянын предмети болуп саналат («Таза акыл-эске сын») – «Критика чистого разума», «Тажрыйбалык акыл эске сын» («Критика практического разума») аттуу чыгармада Кант сезимден сырткары пайда болгон түшүнүк-төрдүн предмети катары Ноумен оң маанидеги түшүнүккө айланарынын мүмкүнчүлүгүн белгилеген. Мындай маанидеги тааным адамга мүнөздүү эмес. Анткени Канттын пикири боюнча адамдын билимдери сезимдик гана кабыл алууларга негизделет. Ноумендин аталган эки мааниси тең Канттын окуусундагы таанып билүүгө мүмкүн болбогон «вещь в себе» деп аталган түшүнүктү чагылдырышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]